Медакадемияда академик М.Мамакеев менен жолугушуу болот
Жетишкендик 7 6 Февраль 2020

2020-жылдын 26-февралында И.К.Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын жыйын залында Кыргыз Республикасынын баатыры, академик М.Мамакеевдин медицина коомунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болот. Уюштуруучулардын айтымында, Ата мекендик медицина илиминин жана практикалык саламаттык сактоонун эң көрүнүктүү ишмери жаш кесиптештери-студенттер менен үч саат маек берүүгө макулдугун айтты. Тарбия жана уюштуруу-массалык иштер бөлүмү жана оперативдик хирургия курсу менен госпиталдык хирургия кафедрасы алдыда болуучу иш-чарага катышуучулардан М.Мамакеевге берилүүчү суроолорду алдын ала кабыл алууда.