КММАнын республикалык диагностикалык дартты аныктоо борборунда алгачкы компьютердик томография борбору
Жетишкендик 0 24 Март 2023

2023 – жылдын 24 мартында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын республикалык диагностикалык дартты аныктоо борборунда Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун, Кытай Эл Республикасындагы Атайын ана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень айымдын, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев, КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбеергенова, академик Миталип Мамытов, окуу жайдын проректорлору, РДДБнын башкы дарыгери Муктарбек Искаков жана бобордун кызматкерлери, конокторунун катышуусунда алгачкы компьютердик томография борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Эске салсак, борбор “Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо уюмдарында компьютердик томографияны орнотуу” Мамалекттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында ачылды.

Белгилей кетсек, азыркы борборго коюлган компьютердик томограф Кыргызстандагы эн алгачкы 128 тилкеден турган КТ сканери болуп саналат. Айта кетсек, канчалык тилкелердин саны көп болсо текшерүүнүн ылдамдыгына жана сапатына түздөн-түз таасир этип, 3D визуализация режиминде, динамикада (кыймылда) органдардын так, деталдуу сүрөтү ошончолук жакшы болот, өзгөчө жүрөк-кан тамыр, кан айлануу системасынын, өпкөнүн диагностикасы, акушердик жана гинекологиядагы текшерүүлөр үчүн өзгөчө маанилүү.