Россия Федерациясынын алдыңкы нейрохирургу “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги” болду
Жетишкендик 0 22 Январь 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кичи залында “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги” диплому  Россия Федерациясынын алдыңкы нейрохирургу, академик,  ошондой эле И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ардактуу профессору, медицина илимдеринин доктору Альберт Суфьяновго тапшырылды.

Белгилей кетсек, 4 жыл аралыгында "Кортекс" хирургиялык борборунда академик  А.Суфьянов менен биргеликте 102 нейрохирургиялык операция жасалып, анын аркасында Кыргызстандын балдар жана чоңдордун нейрохирургиясын өнүктүрүү үчүн жаңылыктар киргизилген, тактап айтканда: гидроцефалиянын окклюзиялык формаларын эндоскопиялык дарылоо, мээнин кисталарын эндоскопиялык фенестрациялоо, мээнин жана жүлүндүн функционалдык маанилүү жерлерин нейрофизиологиялык мониторингдөө астында операцияларды жүргүзүү, нерв системасынын жана баштын жана белдин сөөк түзүлүшүнүн бузулушунда операция жасоо көндүмдөрүн жакшыртуу, хирургиялык дарылоо, эпилепсиянын фармакорезистенттик формаларын хирургиялык дарылоо, мурун аркылуу гипофиз Аденомаларын эндоскопиялык жол менен алып салуу. 

Кыргызстанда мастер-класстарга кызыгуу, өтүп жаткан операцияларга катышуу менен дарыгерлердин квалификациясын андан ары жогорулатуу менен бирге чет өлкөгө чыкпастан, оор дартка чалдыккан бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүү.