КММАнын Окумуштуулар кеңешинде сыйлыктарды тапшыруу
Жетишкендик 0 26 Январь 2024

КММАга сиңирген эмгеги үчүн медаль менен Кенг Хи университетинин медайымдык илимдер колледжинин профессору Корея Шин Хен Сук сыйланды, КММАнын Ардак грамотасы менен  Матраимова Мээрим Элисовна - Бишкек шаарынын Октябрь районунун сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу, Эсенгулова Алина Улановна - Бишкек шаарынын Октябрь районунун сот аткаруучусу, Асанов Адилет Кубанычбекович - Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ милициянын лейтенанты сыйланды.

Ошондой эле ректор И.Кудайбергенова м.и.д., ортопедиялык стоматология кафедрасынын профессору - Нурбаев Алтынбек Жолдошовичти,  м.и.к., Академик М.М. Мамакеев атындагы оперативдик хирургия курсу менен госпиталдык хирургия кафедрасынын  доценти Самаков Алмаз Асанбековичти,  м.и.д., медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын башчысы Куттубаев Өмүрбек Ташыбековичти Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер наамынын ыйгарылышы менен куттуктады.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангандар: м.и.д., Какиш Рыскулова атындагы факультеттик хирургия кафедрасынын профессору Айтбаев Съездбек Айылчиевич, факультеттик педиатрия кафедрасынын ассистенти Аматов Данияр Апазович, соттук медицина жана укук таануу кафедрасынын окутуучусу Иманкулов Эрболот Амантаевич.

КММАнын Ардак медалы менен  кесибине берилгендиги үчүн  м.и.д., профессор, гистология кафедрасынын башчысы, Айдарбекова Зифаргүл Мусулманкуловна сыйланды.