Мухаммад Али Жинна тууралуу көзөмөлдүк сабак
Билим берүү 0 26 Декабрь 2023

Мухаммед Али Жиннанын туулган күнү жыл сайын 25-декабрда белгиленет. Госпиталдык терапия кафедрасы жана гематология курсунун окутуучулары Мусакеев А.О., Атабаева Д.Н., Тагаева Б.Т., Жаныбек кызы Айгерим бул күнгө карата англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин 4-курсундагы жетектеген тайпаларынын студенттери менен көзөмөлдүк сабак өтүштү. Сабактын жүрүшүндө окуучулар тараптан Мухаммад Али Жинна жана анын саясий жетишкендиктери жөнүндө кыскача доклад кылынды. Бул күн Пакистандагы улуттук майрам жана өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ. Мухаммад Али Жинна 1876-жылы 25-декабрда туулган жана Пакистан улутунун негиздөөчүсү катары урматталат.

Куратордук сабактын максаты: ар бир жаран өз мекенинин тарыхын билүү, ошондой эле, ким кайсы жерде болбосун, ар бир элдин тарыхына урмат-сый менен мамиле кылуу.