Ачык сабак “24-март – кургак учук оорусуна каршы күрөшүү” күнү
Билим берүү 1 Апрель 2025
24-март күнү И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасында доцент А. Ж. Мырзакулова, улук окутуучулар Р. М. Кененбаева, Н. А. Абдыкеримова жана жогорку медайым факультетинин 2-курстун студенттери тарабынан “Кургак учук оорусуна каршы күрөшүү” күнүнө карата ачык сабак өткөрүлдү.
 
 
Сабактын максаты — кургак учук оорусунун алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча билимдерди кеңейтүү, студенттердин теориялык жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу. Ачык сабакка катышкан окутуучулар жана студенттер кургак учукка байланыштуу маанилүү фактыларды, оорунун себептери, белгилери жана анын профилактикасы жөнүндө маалымат алышты.
Мырзакулова А. Ж. сабакта кургак учук оорусунун глобалдык жана жергиликтүү деңгээлде көйгөйлөрүн талкуулоо менен бирге, анын илдетинен кантип сактануу керектиги жөнүндө да маалымат берди. Ошондой эле, кургак учукка каршы күрөшүү чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн студенттердин роль жарыяланды.
 
Р. М. Кененбаева жана Н. А. Абдыкеримова ошондой эле студенттерди интерактивдүү иш-аракеттер менен тартуу, маселен, тренингдер жана топтук талкуулар аркылуу сабактын өнүгүшүнө чоң салым кошту. Студенттер дагы өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирип, сабактагы материалдарды активдүү талкуулашты.
Ачык сабак катышуучулар үчүн кургак учук оорусуна каршы күрөшүүнүн актуалдуулугун түшінуїна жана ушул маселени социалдык маанилүү кылууга түрткү берди. Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана коомго медициналык билим берүүгө жардам берет.
Сабактын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды, бул иш-чаранын маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.