КММА кафедрасынын ассистенти «Медицинадагы IT» темасында тренинг өткөрдү
Белим берүү 1 11 Май 2022

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Эл аралык медициналык университетте UC NIARS менен биргеликте “Медицинадагы IT” деген темада тренинг уюштурулган. Тренингдин жүрүшүндө И.Ахунбаев атындагы КММАнын педиатрия факультетинин кафедрасынын ассистенти Ксения Богомолец ММУнун орус жана англис тайпаларынын окутуучулары жана студенттери үчүн тренинг өткөрдү.

Ксения Юрьевна катышуучуларга Телемедицина, заманбап санариптик медициналык аппараттар жана алардын PACS системалары менен өз ара иштөөсу жөнүндө айтып берди. Ошондой эле маммология, электрокардиография, томографиянын бардык түрлөрү, радиография жана рентгенография сыяктуу багыттар каралды.

Белгилей кетсек, «Медицинада IT» кыска мөөнөттүү курстарына каалоочулар кабыл алынат. Баардык кошумча маалыматты @iarc.kg, @rainer_science баракчаларынан ала аласыз.