КММАнын кафедрасынын ассистенти Технология жана Тил Институтунун дарыгерлери менен биргеликте мастер-класстарды өткөрүштү
Белим берүү 1 26 Апрель 2021

2021-жылдын 19-апрелинен 22-апрелине чейин И.К.Ахунбаев атындагы КММА менен Илимий технологиялар жана тил институтунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында, ЖОЖдон кийинки билим берүүнүн үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын ассистенти Талапбек кызы Ширин дарыгерлер Пол Фонкин Стивен Чиу менен биргеликте Жалал-Абад жана Ош облустарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун ординаторлору үчүн практикалык семинарлар жана сабактарды ​​өткөрүштү. Ошондой эле, алар "Үй бүлөлүк медицинанын философиясы жана принциптери" деген темада талкуу жана отоскопия боюнча мастер-класс өткөрүштү, ага байланыштуу ординаторлор Гүлназ Пахридинова жана Илимбек Сабырбековдорго отоскопторду белек кылышты.