КММАнын кафедра ассистенти, Медициналык борбордун хирург-онкологу “Батыш Кытай госпиталында” боор трансплантациясы боюнча окуудан өттү
Билим берүү 0 25 Май 2023

Какиш Рыскулова атындагы факультеттик хирургия кафедрасынын ассистенти, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Медициналык борборунун хирург-онкологу Кытайдын Сычуань провинциясындагы Чанде шаарында жайгашкан, дүйнөдөгү эң ири медициналык борборлордун бири “West china госпиталында” боордун лапароскопиялык хирургиясы боюнча бир айлык окуу курсун өтүп келди.

Хирург Б.Токтогазиев белгилегендей: «Медиктер боорду алмаштыруу боюнча операцияларды жасоого даяр, болгону материалдык-техникалык базаны жабдууга каражат жетишсидиктен улам мындай операциялар жасалбайт. Бирок, КММАнын медициналык борбору боорго: рак, альвеококкоз, эхинококкоз жана башка ооруларга лапароскопия жолу менен операцияларды жасай баштады”.

  

Эскерте кетсек, лапароскопиялык хирургия - бул ичтин алдыңкы дубалындагы бир нече майда тешиктер аркылуу операция болгон аймакка кирүү. Миниатюралык видеокамера менен жабдылган эндоскопиялык жабдууларды колдонуу бардык манипуляцияларды мүмкүн болушунча так жана кылдаттык менен жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Боордо операция учурунда бул өзгөчө маанилүү, анткени органда көптөгөн тамырлар бар.