"Аталар изи" жаштар кубогу
Билим берүү 0 29 Март 2024

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери арасында өткөрүлүп келе жаткан “Акыл Таймаш” жаштар кубогу интеллектуалдык оюну бул ирет КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН 100 жылдыгына карата “Аталар изи” аталышы менен Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болуп өткөрүлдү.

Оюнга жалпы 11 окуу жай катышып төмөндөгүдөй жыйынтык менен аяктады:

1-орун: Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын “Дабагерлер” командасы;

2-орун: Кыргыз-турк Манас университетинин “Чырак” командасы;

3-орун: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруусу академиясынын “Закон за нами” командасы ээледи.