Ч. Айтматовдун чыгармалары - элдик педагогиканын асыл нускасы
Билим берүү 0 15 Ноябрь 2023

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасы жана мамлекеттик тил сектору менен биргеликте КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата “ Ч. Айтматовдун чыгармалары - элдик педагогиканын асыл нускасы ” аттуу ЖОЖдор аралык усулдук семинар өткөрүштү.

Семинарга ЖОЖдордун кафедра башчылары, окутуучулары катышышты.Ч.Айтматовдун чыгармаларында элдик таалим тарбия салттарынын чагылдырылышы талкууланды.

Ошондой эле №1 дарылоо иши факультетинин студенттери Турганбаева Шерзаада, Бекмурзаев Автандил мазмундуу баяндамалары менен келген коноктордун алкышына ээ болушту.