“Dental Olympiad 2025” эл аралык олимпиадасында КММАнын студенттери ардактуу 3-орунду ээледи
Билим берүү 29 Октябрь 2025
2025-жылдын 24–26-октябры аралыгында Борбор Азия университетинде (Ташкент шаары, Өзбекстан) “Dental Olympiad 2025” аттуу эл аралык олимпиада болуп өттү. Иш-чарага Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандан келген командалар катышып, жалпысынан 17 команда сынашка катышты.
Олимпиада OSCE (Objective Structured Clinical Examination) протоколу боюнча өткөрүлүп, тапшырмалар мүмкүн болушунча реалдуу клиникалык практика шарттарына жакындатылган.
 
 
Биздин академияны татыктуу түрдө стоматология факультетинин студенттеринен түзүлгөн команда көрсөттү. Команданын курамы:
Абдижалилова Айтурган
Бөкөнбаев Аскарбек
Жумашова Эльнура
Калыбек кызы Арууке
Команданын жетекчиси — Курамаева Ульяна Кудайкуловна, хирургиялык стоматология жана жаак-бет хирургиясы кафедрасынын окуу иштери боюнча жооптуу окутуучусу.
 
 
Олимпиада үч этаптан турду:
Теориялык этап — стоматологиялык клиникалык сабактар боюнча билим деңгээлин текшерүү.
Практикалык этап — тиштин көркөм реставрациясын аткаруу, мында катышуучулар тактык жана эстетикалык чеберчилигин көрсөтүштү.
 
 
Шашылыш жардам көрсөтүү этабы — бейтапка өз убагында медициналык жардам көрсөтүү кырдаалдарын моделдөө.
Бардык этаптардын жыйынтыгы боюнча биздин команда жогорку кесиптик даярдыгын жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүп, ардактуу 3-орунду ээледи.
 
 
Бул олимпиада студенттер үчүн өз кесиптик чеберчилигин көрсөтүү гана эмес, тажрыйба алмашуу, кесиптик байланыштарды орнотуу жана стоматология тармагындагы өнүгүүгө шыктануу үчүн маанилүү аянтча болду.
Жеңиш менен студенттерди жана алардын жетекчисин чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Жаңы ийгиликтерди, билимде жана кесиптик өсүүдө чоң жетишкендиктерди каалайбыз!