К.К. Кожоназаров атындагы факультеттик педиатрия кафедрасынын кызматкери жана «Педиатрия» факультетинин деканы Терехова Оксана Игоревна 2025-жылдын 23–24-апрелинде Самарканд шаарында өткөн «Заманбап эндокринологиянын актуалдуу маселелери: инновациядан клиникалык практикага» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференциянын алкагында Оксана Игоревна калкан безинин иштөөсүнүн көйгөйлөрүнө арналган доклад менен чыгып, адам жашоосунун ар кайсы этабында — эрте балалык кезден тартып чоң адамга чейинки маселелерди карап чыкты. Өзүнүн докладында ал эндокриндик ооруларды диагностикалоо жана дарылоо боюнча заманбап ыкмаларды кеңири ачып берип, патологияларды өз убагында аныктоонун жана инновациялык технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Докладда өзгөчө көңүл тармактар аралык өз ара аракеттенүү маселелерине жана изилдөөнүн жаңы ыкмаларын интеграциялоого бурулду, бул сөздү теориялык жактан гана эмес, практикалык жактан да дарыгерлер үчүн пайдалуу кылды.
Оксана Игоревнаны бул иш-чарага катышуусу эндокринология тармагында эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, орусиялык адистердин бул маанилүү медициналык багыттагы жогорку кесипкөйлүгүн баса белгиледи.