Дипломдон кийинки үй-бүлөлүк медицина кафедрасында мастер-класс болуп өттү
Белим берүү 0 10 Май 2022

2022-жылдын 20-апрелинде КММАнын базасында дипломдон кийинки үй-бүлөлүк медицина кафедрасы ОО ОМС менен биргеликте кафедранын 1 жана 2-курстарынын ординаторлору үчүн абдан маанилүү «Паллиативдик жардам» темада мастер-класс өткөрүштү.

Мастер-класс интерактивдүү формада өтүп, эн кызыктуу темалар камтылган: Кыргыз Республикасындагы паллиативдик медицинанын абалы, ЖКда симптоматикалык терапия, оор темаларда бейтаптар менен кантип сүйлөшүү керек, пациентке маалыматты кантип берүү жана. бейтаптарга кам көрүү учурунда көп берилүүчү суроолор. Ошондой эле кырдаалдык тапшырмаларды талдоо, ролдук оюндар жана манекен боюнча практикалык иштер болду.