Новосибирск шаарынан келген биология илимдеринин доктору, профессор КММАнын студенттерине лекция окуду
Белим берүү 0 10 Октябрь 2022

2022-жылдын 7-8-октябрында Россия Илимдер академиясынын Сибирьдеги бөлүмүнүн Молекулярдык жана клеткалык биология институтунун Салыштырмалуу геномика лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору Владимир Трифонов (Новосибирск) И.К.Ахунбаев атындагы КГМАга келди.

Профессор Медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасында лекция окуп, молекулярдык генетика жаатындагы билимин айтып, студенттердин көптөгөн суроолоруна жооп берди.