Германиядан келген дарыгер кургак учук менен ооругандарды аныктоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү
Белим берүү 0 7 Июнь 2022

Доктор Йоханнес Кершл Кыргызстандагы кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасы менен таанышып, практикалык конференцияларга катышты: балдар кеңешинде жана дары-дармекке туруктуулук кеңешинде, Улуттук референттик бактериологиялык лабораторияда болду.

Ал фтизиатрия кафедрасынын окутуучулары менен Германияда кургак учук менен ооругандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү (Германияда кургак учук менен ооругандардын 100 000 калкынынын 10 ну олуттуу төмөндөөгө жетишкендиги белгилүү, ал эми Кыргызстанда бул деңгээл 100 000 калкка 105ке жетет). Кургак учук менен ооруган 15ке жакын бейтап текшерилип, дарыгер аларды башкаруу боюнча өз сунуштарын берди.