Хирургия боюнча Бүткүл россиялык олимпиадага КММАнын эки командасы катышты
Белим берүү 0 7 Июнь 2022

30-майдан 31-майга чейин хирургия боюнча эл аралык катышуу менен бүткүл россиялык студенттик олимпиада өттү. Олимпиадага И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын факультеттик хирургия жана оперативдик хирургия курсу менен госпиталдык хирургия кафедрасынын командалары катышты. Россия Федерациясынын окуу жайларынан 10 медициналык команда катышты.

Студенттер арасында хирургия боюнча олимпиадалар хирургиялык көндүмдөрүн өркүндөтүү жана башка командалардын катышуучулары менен түздөн-түз иш-чарада квалификациясын салыштыруу үчүн өткөрүлөт. Кызыктуу сынактык программа даярдалды: адамдын анатомиясын билүү боюнча тапшырмалар, ситуациялык тапшырмалар, фото жана видеоматериалдардын сынагы.

Олимпиаданын өзүнчө багыты болуп келечектеги дарыгерлердин практикалык көндүмдөрүн текшерүү болду: Штудер операциясы, коронардык артерияларды шунтовкалоо, ашказан резекциясы Бальфур ыкмасы менен, лапароскопиялык аппендэктомия, тарамыш тигиштери жана чочколорго лапароскопиялык операциялар (ашказан жараатын тигүү, нефрэктомия, холецистэктомия).

Хирургиялык кийлигишүүлөрдү симуляциялоо үчүн профессионалдык техникалык жабдуулар менен камсыздалган: лапароскопиялык, анестетик; зарыл керектелүүчү материалдар жана аспаптар.

Ар бир сынакта калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктап, олимпиаданын кийинки баскычтарына жолдомо алышкан.

Олимпиаданын катышуучуларын баа жеткис тажрыйбага ээ болушу менен куттуктайбыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!