Эксперт Кристиан Гукш кайрадан КММАга келди
Белим берүү 1 13 Сентябрь 2022

2022-жылдын 12-сентябрында И.К.Ахунбаева атындагы КММАга Германиядан эксперт Кристиан Гукш мырза келди. Белгилей кетсек, эл аралык байланыштар бөлүмү аны кайрадан КММАга иштөөгө чакырган. Эксперт окутуучуларга жана студенттерге билим берүү, гранттар, изилдөө жана Германиянын ЖОЖдору менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңештерин улантат, мындан тышкары КММАнын окутуучуларына медициналык англис тилинен сабак берет.

Кристиан Гукш КММАнын Латын тили кафедрасынын окутуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Белгилей кетсек, ал чет тилдерин изилдөө борборунда кафедра кызматкерлери менен биргеликте медициналык англис тили тайпасын алып барууда.