Гапыр Мадаминов КММАда конок лектор катары акыл эмгегинин мадагияты боюнча ой бөлүштү
Билим берүү 0 10 Апрель 2023

Алыскы айыл жергеси Баткенде областынын 3 эксперименталдык мектеп-гимназиясында мугалим катары эмгектенип жүрүп, педагогика илимдериниин кандидаты даражасына ээ болгон. Бүгүнкү күндө ОшМунун мыкты окутуучусу, педагог-новатор, Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими жана окутуу процессинде эне менен баланын ортосундагы байланышты бекемдөөчү "дасторкон үстүндөгү университеттин" негиздөөчүсү, Республиканын бардык аймагына белгилүү инсан Гапыр Мадаминов бүгүн И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессордук-окутуучулар курамына конок-лектор катары акыл эмгегинин маданияты боюнча ой бөлүштү.

"АГАЙ" тасмасы да дал ушул агайдын устаттык өнөрүнө багытталганы жөнүндө да сөз болуп мыкты насааттары кызыгууну жаратты. Лекциянын аягында суроо-жооптор берилип, мыкты суроолорго автордук китептер белекке тартууланды.