“Green Shoots” фонду дистанциондук түрдө дарс өткөрдү.
Билим берүү 0 25 Декабрь 2023

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Великобритания мамлекетинде катталган медициналык билим берүү жана медициналык жардам көрсөтүү “Green Shoots” фонду менен 2014 жылдан мамилесин куруп, жүрүзүп келишет (таанышууга жеке баракчасы https://greenshootsfoundation.org/). Академиялык мобилдүүлүктун алкагында ар тараптан иш чаралар жүргүзүлүп келүүдө.

Жугуштуу оорулар кафедрасы бул эл аралык мамиленин сакталып жана өнүгүп туруусунда негизги түркүк болуп эсептелет. Үстүбүздөгу 2023-жылдын 26, 27- сентябрь айында эл аралык окуу жүргүзүлүп анда жугуштуу оорулар кафедрасынын ассистенттери өздөрүнүн темалары менен катышышты: м.и.д, профессор Суранбаева Гульмира Сайбилдаевна “Вирустук гепатиттер менен күрөшүү стратегиясы”, Омонов Исамидин Кувватбек угли “Кыргызстанда АИВ вирусунун антиретровирустук даарыларына туруктуулугун өнүгүүсү”. Андан сырткары Анарбаева Жумагүль Абдрахмановна клиникалык окуяларды баяндап талкууга алып чыкты.

Жыл сайын эки тараптын тыгыз иш чарасынын алкагында АИВ жугуштуу оорусу боюнча акыркы маалыматтар талкууланып турат. Бул жылы медициналык билим берүү жана медициналык жардам көрсөтүү “Green Shoots” фонду тараптан доктор Элисон жана операциялык жардамчысы Муниизай Жаффери 15, 18-декабрь күндөрүндө дистанциондук түрдө дарс өткөрдү. Дистанциондук дарстын негизги темалары төмөнкүлөр болду: АИВ жугуштуу оорусунун антиретровирустук даарылоосундагы ДСУ акыркы сунуштамалары.

АИВ оорусунун энеден балага жугуу жолунун алдын алуу.

Жалпысынан бул дистанциондук дарстарда жугуштуу оорулар кафедрасынын ассистенттери жана клиникалык ординатуранын 3-жылындагы ординаторлору