И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын профессионалдык багыттоо иши
Белим берүү 14 7 Июнь 2022

Жакында медициналык орто окуу жайынын директору Н.М.Асанбекова, инструктор-тарбиячысы Н.М.Тойтиева  жана 2-курстун студенти Ашымканова Мээрим Бишкек шаарында жайгашкан  азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына 

профессионалдык багыттоо иши боюнча, медициналык массаж адистиги жөнүндө кыскача маалымат беришти. Окуучулар 2-курстун студенти Ашымканова Мээримдин массаждын түрлөрү жана техникасы жөнүндө көргөзгөн өндүрүштүк көндүмдөрүнө күбө болушту.

Жолугушуу мугалимдер менен окуучулардын ортосунда болгон суроо-жооптор менен коштолуп окуу жай тууралуу буклеттер таралтылды.