Медициналык ЖОЖдордун студенттеринин III Эл аралык «Самарканд-2020» олимпиадасы
Билим берүү 1 20 Декабрь 2022

2022-жылдын 16-17-декабрында Самарканд мамлекеттик медициналык университетинде медициналык жогорку окуу жайлардын студенттеринин III Эл аралык “Самарканд-2020” олимпиадасы болуп өттү.

Бул олимпиадага No2 акушердик жана гинекология кафедрасынын кызматкерлеринин жетекчилиги менен КММАнын Дарылоо иши факультетинин жана чет элдик студенттери онлайн түрдө катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.

Ардак грамоталар менен студенттер: Жапарова Элиза, Жумакматова Бермет, Вали Ур Рехман, Аман Уллах Хан сыйланышты.

Байгелүү III орундарга Дарылоо иши факультеттеринин 4 курсунун студенттери Байзакова Наргиза жана Түгөлбаева Мээрим ээ болушту.