И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын абитуриенттерге кыргыз тилинен тест берүү боюнча пикири
Билим берүү 0 29 Февраль 2024

Мамлекеттик тил маселеси - жалпы маселе.  Мамлекеттик тилге аяр мамиле кылуу ар бир кыргыз жаранынын милдети. Медакадемия тил көйгөйүн ич ара  чечүү үчүн  ар дайым  жигердүү иш-аракеттирин жүргүзүп келет.


И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы  абитуриенттер жогорку окуу жайга тапшырганда кыргыз тилинен тест берүүсүн деңгээлдерге бөлүп, анын негизинде аныктоону колдойт. Ошондой эле Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн билим берүү жааты, ошондой эле келечекти курам деп билим алып жаткан жаштардын мамлекеттик тилди билип, мекенге салым кошуусу эң маанилүү орунда турарын билдирет. Бирок бүгүнкү күндө ЖРТга кыргыз тилин милдеттүү түрдө киргизүү же балл катары эсепке алуу - жогорку окуу жайга тапшыруу  үчүн даярданып жаткан абитуриентке кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Бул иштерди билим берүү системасына киргизүү учурда эрте, убакытты талап кылышы белгилүү.  Мамлекеттик тилде сынак тапшырууга милдеттендирүү үчүн башталгыч класстардан эле окуучуларды даярдап баштоо керек.