КММАнын фтизиатрия кафедрасы «Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө» карата иш-чара өткөрдү
Билим берүү 1 24 Март 2023

24-мартта Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү. Бул айда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын фтизиатрия кафедрасынын кызматкерлери өлкөбүздүн радиосу жана телекөрсөтүүсүндө маалымат иштерин жүргүзгөн. Иш-чарага карата окуу жайдын чет элдик 4-курсунун студенттери жарышка катышты.

Жарышты дене тарбия бөлүмүнүн кызматкерлери коштоп, жекелештирилген белектер менен байгелерди тапшырышты.

Студенттер иш-чарага активдүү катышып, кургак учуктун өнүгүү тарыхы менен таанышып, активдүү катышып, көптөгөн жагымдуу эмоцияларды алышты.