Билим берүү
29 Октябрь 2025
И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неврология кафедрасы Дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнүнө карата акция уюштурду.

Иш-чаранын алкагында калкка неврологдор тарабынан акысыз консультациялар, артериялык кан басымды (АД) жана кандагы глюкозаны өлчөө, дене массасынын индекси (ИМТ) боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле инсульттун алдын алуу максатында туура тамактануу жана дени сак жашоо образын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин камтыган маектер өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын негизги максаты — калктын инсульт тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана алдын алуу чараларын жайылтуу болду.
