КММАнын Аскердик медициналык даярдык жана экстремалдык медицина кафедрасы «Эрдик сабагын» өткөрдү
Билим берүү 0 11 Февраль 2023

Эрдик сөз менен эмес, өрнөк менен көрсөтүлөт. Ушул жылдын 15-февралында Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата И.К.Ахунбаев атындагы КММАда Эрдик сабагы болуп өттү.

Окуу жайдын «Аскердик-медициналык даярдык жана экстремалдык медицина» кафедрасынын катышуусунда уюштурулган иш-чарада 1-курстун студенттерине Согуш ардагерлери эрдик, патриоттук сезим, Ата-Мекен алдындагы милдет жана Мекен үчун өз өмүрүн кыйган адамдар тууралуу айтып беришти.

Жолугушууга чек арачы, Баткен ардагери Аттокур Калмурзаев, Баткен ардагери Кубанычбек Шырдакбаев, Ооган согушунун катышуучусу, милициянын полковниги Кубанычбек Тезеков, Ооган согушунун катышуучусу, милициянын полковниги, Кызыл Жылдыз орденинин кавалери Дыйканбай Абдырасаков келишти. Сабакты запастагы полковник Арстан Керималиев өткөрдү.