КММА «Якуземи» маалымат борборунун грант ээси менен онлайн жолугушуу өткөрдү
Белим берүү 0 27 Апрель 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору Гүлмира Жумалиева «Үзгүлтүксүз билим берүү жана Кыргыз Республикасындагы фармацевттерге мамлекеттик аттестациялоону өнүктүрүү чөйрөсүндө туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө жеке секторду колдоо боюнча изилдөөлөр» долбоорунун жетекчиси жана «Якуземи» маалымат борборунун грант ээси (Япония) онлайн жолугушуу өткөрдү.

Жыйында студенттердин электрондук окуусунан кийин өткөрүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыгы жана мындан аркы долбоордо иштөө пландары жана андагы КММАнын ролу талкууланды. Тараптар университеттин окуу планын кайра карап чыгууга, квалификацияны жогорулатуу курстарынын негизинде жаңы окуу планын иштеп чыгууга, КММАнын эксперт-окутуучулары үчүн тренингдерди өткөрүүгө жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл буруу жана убакыт бөлүү керек деген пикирге келишти.