Химия жана биология предметтери боюнча жалпы билим берүү мектептердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстар КММАнын базасында өткөрүлдү
Билим берүү 21 Июнь 2024
Химия жана биология предметтери боюнча жалпы билим берүү мектептердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстар КММАнын базасында өткөрүлдү.
 
 
Кыргыз Республикасынын ББжИМнин 02.11.2023 ж. № 53040/1 буйругун ишке ашыруу үчүн жалпы билип берүүчү мектептердин мугалимдерине химия жана биология предметтери боюнча квалификациясын жогорулатуу максатында курстар КММАнын базасында 18-июндан баштап 22-июнга чейин өткөрүлдү.
 
 
Бул курстарды офлайн форматында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү борбору, медициналык биология, генетика жана паразитология жана профессор А.Д. Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия  кафедралары менен бирдикте уюштуруп өткөрүштү. 
Бул аралыкта «Билим алуу ийне менен кудук казгандай»,-дегендей мектеп мугалимдери КММАнын окутуучулары тарабынан кеңири маалыматтарды алышты. Анткени, курстардын жүрүшүндө химия предмети боюнча эритмелер, эритмелердин концентрациясын туюнтуу ыкмалары жана эритмелер темасы боюнча химиядан эсептөө маселелерин чыгаруунан баштап химиялык реакциялардын ылдамдыгына концентрациянын таасирине чейин кеңири маалымат берилсе, ал эми биология предметинде жалпы жана медициналык генетика бөлүмү боюнча лекциялык жана практикалык сабактар менен коштологон маалыматтар кеңири жеткирилди.
 
 
 
Өткөрүлгөн эки курска 11 химия сабагынан сабак берген мугалимдер, 10 биология сабагынан берген мугалимдер Бишкек шаарынан, Баткен, Ыссык-Көл, Чүй, Жалал-Абад, Талас жана Нарын облустарынан келишти.
 
 
Курстардын аягында окууга келген мугалимдер менен И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, м.и.д., профессору Кудайбергенова Индира Орозобаевна,  окуу иштери боюнча проректору Ырысов Кенешбек Бакирбаевич, илимий жана дарылоо иштер боюнча проректору Маматов Ниязбек Нурланбекович жана эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктөрүү боюнча проректору Джумалиева Гульмира Артыкбаевна жолугушуу өткөрүп, мугалимдерге чың ден-соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, 36 сааттык сертификаттарды жана курсту өткөрүүдө талыкпай эмгектенген кафедралардын окутуучуларына ыраазычылык каттар тапшырылды. 
 
 
  Курсттар жакшы деңгээлде өткөрүлүп, жемиштүү аяктады.