КММА кызматкерлери ТМУга конок лекция окушту
Билим берүү 0 26 Декабрь 2023

2023- жылдын 21-22-декабрь күндөрү И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын жетекчиси, м.и.д., профессор Куттубаев Өмүрбек Ташыбековичтин жана ушул эле кафедранын окутуучусу, б.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Раимкулов Курсанбек Мамасалиевичтин жетекчилиги астында Талас мамлекеттик университетинин студенттерине жана үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү борборунун курсант мугалимдерине "Тукум куучулуктун организмдик, клеткалык жана молекулярдык деңгээлдери" деген темада конок лекция окуп беришти.

Лекцияга Талас облусундагы мектептин мугалимдери жана студенттери катышышты.

3 сааттан созулган лекциялар өз жемишин берди жана угуучулар тарабынан чоң ыраазычылыктар билдирилди.