КММАда элдик медицина боюнча ачык сабак болду
Белим берүү 7 18 Декабрь 2019

18 декабрда И.К. Ахунбаев атындагы Медакадемиянын философия жана коомдук илимдер кафедрасынын мугалимдери Гүлнара Туралиева менен Гүлсүмкан Жунушалиева кыргыздын элдик медицинасы боюнча 1-курстун студенттерине ачык сабак өтүштү. Анда жыландын уусу менен ууланган бейтапты дарылоо, сыныкка шак-шак коюу сыяктуу дарыгерчиликтин ыкмалары тууралуу кеңири айтылып, аталган ыкмалардын үлгүлөрү иш жүзүндө көрсөтүлдү.


Асыресе, кафедранын мугалимдери ачык сабакты аудиторияда эмес, окуу корпусунун короосунда өтүштү. Анткенинин себеби, алар алдына сабактын идеясын, темасын баардык каалоочуларга –студенттерге, мугалимдерге жеткирүүнү максат кылышкан эле.