КММАда "Илим күндөрү - 2023"
Билим берүү 0 13 Апрель 2023

2023-жылдын 12-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында “КММА-2023 илим күндөрү” аттуу жаш окумуштуулардын жана студенттердин 60 жылдык юбилейлик Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын салтанаттуу ачылышы болду.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында:

  1. Биринчи аскердик медициналык оюндар
  2. «Биомедициналык инженерия» ЖОЖдор аралык биринчи секциялык жыйын
  3. Аймактар аралык илимий-практикалык мектеп "Балдардын жана чоңдордун ар кандай этиологиядагы жараларын дарылоого комплекстүү мамиле"
  4. Секциялык сессия: «Медицинанын заманбап аспектилери (англис тилинде)
  5. Жаш окумуштуулардын симпозиуму
  1. Студенттик секциялар
  2. Медициналык жабдуулардын жана дары-дармектердин көргөзмөсү болуп өтмөкчү.

Эл аралык конференциянын негизги максаттарынын бири - медицинанын түрдүү тармактары боюнча заманбап билимдер менен алмашуу жана таланттуу жаштардын илимий изденүүсүнө көңүл буруу.

Белгилей кетсек, аскердик-медициналык оюндар КММАнын тарыхында биринчи жолу өтүп жатат. Оюндардын биринчи этабында командалар командалык презентацияларды жана докладдарды тартуулашты, илимий викторинада ат салышты, экинчи этапта салтанаттуу марш, машыгуу жана ок атуу, демонтаждоо, ок атуучу куралдарды жыйноо, жеке коргонуу кийимдерин кийүүнү көрсөтүштү.