КММАда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча медакадемия кызматкерлерине сабак өтүлдү
Белим берүү 15 4 Февраль 2022

Кечээ, 3-февраль 2021-жылы И.К.Ахунбаев атындагы КММанын жыйындар залында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча медакадемия кызматкерлерине  окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунын башчысы Сапаргул Наралиева жана сектордун лингвист-эксперти Арзыкан Орозалиева  сабак өткөрүштү.

Сабактын жүрүшүндө: «Үндѳштүк мыйзамын сактоо», «жѳндѳмѳлѳрдү билүү, созулма үндүүлѳрдү туура жазуу», «тырмакчанын («») кайсы учурда коюлушун билүү», «дефис (-) менен тиренин (– )  айырмасын билүү»,  «Кыргыз тилинин жазуу эрежелелерин»,   «Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасын» билүү,  дефис, тырмакча, сызыкча , каталар менен иштөө  жөнүндө маалыматтарды катышуучуларга  кенири, жеткиликтүү айтып берүү менен лекцияга байланыштуу видео-презентацияны  көргөзүштү.

 Иш-чарага окуу жайдын бардык кызматкерлери катышып, аябай кызык өттү.