КММАда "Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын тарыхы" аттуу темада студенттер менен талкуу болду
Белим берүү 0 2 Декабрь 2021

"Жамандан адаш, жакшыга жанаш" дегендей, студенттердин адамгерчиликтүү, кен пейилдүү жана өз кесибин  сүйгөн адистерден болууларынын максатында 2021-жылдын 2-декабрь күнү И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын дарылоо иши факультетинин  студенттери менен бирдикте куратордук иш-чаранын негизинде "Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын тарыхы" аттуу темада талкуу жүргүзүштү.

Бул куратордук саатта ар бир студент өз окуган окуу жайдын тарыхы, түптөлүшү, академиянын өнүгүп-өсүшүнө чон салым кошкон белгилүү окумуштуулар жөнүндө кенири маалымат алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер И.К. Ахунбаев жөнүндө документалдык тасма корүшүп, Иса Коноевичтин өмүр баяны, басып өткөн жолу жана эмгектери менен таанышышты.

Талкууну жетектеген 18-тайпасынын  куратору, б.и.к., доценттин м.а. Раимкулов  Курсанбек Мамасалиевич студенттердин кесипкөй адистерден болушун каалап сөз сүйлөдү.