КММАнын аскердик медициналык оюндарынын үчүнчү этабы Ала Тоо аскерий полигонунда болуп өттү
Билим берүү 3 13 Апрель 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 13-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академиядда аскерий-медициналык оюндарынын 3-этабы болду. Оюндар эң реалдуу шарттарда өтүү үчүн «Ала-Тоо» полигонунда, 73809 аскер бөлүгүндө болуп өттү.

Биринчи этапта келечектеги медиктер шарттуу жарадар болгондорго, далысынын жогорку үчтөн бир бөлүгүнө ок тийип, катуу кан кеткен, ийининин үчтөн бир бөлүгү жабык түрдө сынган жарадарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Экинчи этапта башынан жаракат алып, көп кан кеткен, сол колунан ок тийген жоокерге, ал эми оюндун үчүнчү этабында студенттер батальондун медициналык пунктунда биринчи медициналык жардам көрсөтүштү.

Калыстар тобунун мүчөлөрүн белгилей кетсек: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Медициналык комиссиясынын төрагасынын орун басары – м/к запастагы полковниги Асел Букаева, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 44549 аскер бөлүгүнүн (аскердик госпитал) начальниги – м/к запастагы полковниги, Искендер Абыкеев, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик поликлиникасынын хирургу – м/к запастагы полковниги Марат Кожоев, гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы (улук) – полковник Урмат Калыев, тактикалык даярдык кафедрасынын башчысынын орун басары - полковник Акылбек Ахметшарипов, жарандык коргонуу кафедрасынын ага окутуучусу - полковник Эрмек Сабитов.

Иш-чара “КММАнын Илим күндөрү – 2023” эл аралык илимий-практикалык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин колдоосу менен КММАнын Аскердик медициналык даярдык жана экстремалдык медицина кафедрасы тарабынан уюштурулган.