КММАнын аспираттары Окленд технология университетинин окумуштуулары менен онлайн жолугушуу өткөрүшту
Белим берүү 1 22 Ноябрь 2022

2022-жылдын 10-ноябрында Жалпы жана клиникалык эпидемиология жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын аспиранттары Жаңы Зеландиядагы Окленд технология университетинин окумуштуулары менен онлайн жолугушуу өткөрүшту.

Бул жолугушуунун алкагында медицина илимдеринин доктору, профессор, Россия илимдер академиясынын академиги, Жаңы Зеландиянын Королдук коомунун академиги, Жаңы Зеландиянын Окленд технологиялык университетинин Инсульт жана прикладдык неврология улуттук институтунун профессору жана директору «Нейроэпидемиология» журналынын рекдактору В.Л.Фейгин баяндама жасады.

Өз баяндамасында ал катышуучуларга инсульттун биринчи жана экинчилик алдын алууну жакшыртуунун мүмкүн болгон жолдору жөнүндө айтып берди жана PreventS-Vrach системасын сунуштады.

Бул жолугушууга бөлүмдөрдүн бардык кызыкдар кызматкерлери, клиникалык ординаторлор жана практикалык дарыгерлер катышты.