КММанын окутуучусу ТалМунун студенттерине протозоология, гельминтология жана арахноэнтомология дисциплиналары боюнча лекция окуп келди
Белим берүү 5 17 Декабрь 2021

2021-жылдын 16-декабрында  Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Талас мамлекеттик университетинин ортосундагы келишимдердин негизинде ТалМУнун ТТПФнин Табият таануу кафедрасынын ага окутуучусу Н.К. Шабданованын жетекчилиги астында уюштурулган оффлайн конок-лекция болуп өттү.

Лекцияга КММАнын ректорунун 15-декабрдагы № 61 буйругунун негизинде негизги конок-лектору болуп  биология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык биология, генетика жана паразитология  кафедрасынын окутуучусу К.М.Раимкулов барып катышып, лекция окуп келди.

Офлайн конок-лекцияны ТалМУнун окуу жана илимий проректору, ф.и.д., профессор С.С.Жумалиев  лекторду кафедранын жамаатына жана студенттерге тааныштыруу менен конок-лекцияны ачык деп жарыялады.

Курсанбек Мамасалиевич өзүнүн лекциясында ТалМУнун окутуучуларына жана  студенттерине медициналык паразитологиянын протозоология, гельминтология жана арахноэнтомология дисциплиналары боюнча, анын ичинде мите курт ооруларынын актуалдуулугу, бүгүнкү күндөгү эпидемиологиялык кырдаалы, адам баласы үчүн өтө коркунучтуу оору экендиги, мите курт ооруларынын негизги таркалуу, жугуу себептери, мите курт ооруларынын медициналык мааниси жана алардан кантип сактануунун жолдору жөнүндө маалыматтарды студенттерге кенири, жеткиликтүү айтып берүү менен лекцияга байланыштуу видео-тасмаларды көргөзүп келди.

Лектор өз лекциясын практикалык сабак менен коштоп, студенттер микроскоп аркылуу ар бир курттун өзүн жана жумурткаларын көрүп, алган билимдерин практика жүзүндө бекемдей ала тургандай  кылып өткөрдү. Ошону менен катар, студенттер берген суроолорго так жана  кенири жооп берип, студенттер ортосунда чон дискуцияны уюштурду.

Айта кетсек, конок-лекцияга студенттерден сырткары Табият таануу кафедрасынын жалпы окутуучулар жамааты жана Талас райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгер-паразитологу А.Т.Курманбаева, энтомологу А.К.Исраилов  катышышты.