КММАнын студенттери КМУда болуп өткөн тажрыйбалык конференцияда байгелүү орундарга ээ болушту
Билим берүү 0 10 Ноябрь 2023

2023-жылдын 2-ноябрында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультети тарабынан уюштурулган Эл аралык илим күнүнө "Жусуп Баласагын бабабыздын мурастары" аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий - тажрыйбалык конференцияга И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасынын окутуучуларынын жетекчилиги астында 1-2-курстардын студенттери катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.

  

1- орун Темуров Аскат Дарылоо иши №2 факультетинин 1-курсунун студенти.

Илимий жетекчиси кыргыз тили кафедрасынын завучу Домасбекова Салтанат Абылхайыровна

3-орун Жаныбек кызы Элзада стоматология факультетинин 2-курсунун студенти.

Илимий жетекчиси кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Анарбаева Жамиля Калдыбаевна