КММАнын студенттери окуучуларга лекция окушту
Билим берүү 0 25 Декабрь 2023

2023- жылдын 19-декабрь күнү И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу, б.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Раимкулов Курсанбек Мамасалиевичтин жетекчилиги астында педиатрия факультетинин 1-курсунун 15-тайпасынын студенттери Бишкек шаарындагы №77 орто билим берүү мектебинде "Тамекинин организмге зыяндуулугу" жана "Адамдын организминдеги мите курт оорулары" деген темада лекция окушту.

Студенттерден Токтогулов Дастан, Дуйшембиева Назика, Эсенаманов Атанбек окуучуларга тамекинин зыяндуулугу, статистикалык маалыматтарды, мифтер жана алдын алуу жолдорун айтып беришсе Курсанбек Мамасалиевич мите курттардын организмге тийгизген зыяндуулугун, анын белгилерин, жугуу жолдорун жана алдын алуу боюнча кенен түшүндүрүп айтып берди. Лекция үчүн бул темаларды тандагандарынын себеби, дүйнө жүзү боюнча эң кенири жана адам өмүрүн алып жаткан кырдаалдар көп кездешип жаткандыгында болду. Окуучулар абдан кызыгуу менен угуп, аягында кызыккан суроолорун беришти жана толук кандуу жооп ала алышты.

Окуучулар үчүн болгон мындай мүмкүнчүлүктөрдү уюштуруп берген мектептин директору Бакыт Сатыбаевнага, директордун орун басары, тарбия иштери боюнча завучу Анара Алиевнага чоң ыраазычылык билдиребиз!

Балдар биздин келечегибиз, ошондуктан кичинекей кездеринен баштап ушундай темалардан кабар берип, алдын алуу жолдорун үйрөтүү биздин милдетибиз.