КММАнын студенттери Салымбеков университетинин Эл аралык медицина факультетинде болуп өткөн конференцияда байгелүү орундарга ээ болушту
Билим берүү 0 22 Ноябрь 2023

2023-жылдын 17-ноябрында Салымбеков университетинин Эл аралык медицина факультетинде «Медицинское образование и гуманитарные науки» деген темада илим күнүнө карата болгон конференцияга И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасынын окутуучуларынын жетекчилиги астында 1-2- курстардын студенттери катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. 1-орун Исраилов Зирофидин - №1 дарылоо иши, 2-курс, Мелисбек кызы Айтурган - №1 дарылоо иши, 2-курсунун студенттери. Илимий жетекчиси кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Дүйшөналиева Жумагүл Асековна. 3-орун Кадыракунов Бектур - №2 дарылоо иши, 2-курсунун студенти. Илимий жетекчиси кыргыз тили кафедрасынын ага окутуучусу Касымбекова Нурида Жумагуловна.