КММАнын үзгүлтүксүз жана аралыктан окутуу борбору Жала-Абадда курс уюштурушту
Билим берүү 10 Июнь 2024

Медакадемиянын үзгүлтүксүз жана аралыктан окутуу борбору Жалал-Абад шаарында 2024- жылдын 21- майынан 1- июнуна чейин "Инфекцияны көзөмөлдөөнүн негиздери" программасы боюнча 72 сааттык курсту уюштурушту. Бул курска Жалал-Абад курортунун медициналык кызматкерлери катышып билим алышты. Курсту И.К. Ахунбаев атындагы Жалпы клиникалык эпидемиология кафедрасынын окутуучусу, м.и.к., ассистент Богданов Эмиль Рашидович өткөрүп келди.


Жалпы 19 адис катышып, үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү борборуна жана лекторго чоң ыраазычылыктарын билдирип, курсту жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн белгилешти.
Үзгүлтүксүз жана аралыктан окутуу борборунун кызматкерлеринин иштерине чоң чоң ийгиликтерди каалашты.