Кубокту КММА командасы жеңип алды
Билим берүү 0 5 Февраль 2024

28-январда ушул мезгилдеги эң ири КММАнын Дебаттык клубу катышкан дебаттык турнирлердин бири - "Ренессанс - 2024" болуп өттү. Мындан тышкары турнирге Бишкек дебат коомчулугунун бардык клубунан 56 команда катышты. Турнирдин жыйынтыгы боюнча кубокту КММАнын ДК "Мм, Май" командасы жеңип алды:
Бекманов Отабек - 2-жылдын ординатору, КММА ДК президенти
Жантороев Элдияр- №2 ДИ 3-курстун студенти.

Бишкектин дебат коомчулугунун тарыхында бул кубокту КММАнын командасы биринчи жолу алып жатат. "Мм, Май" командасы бул турнирдин бир да турунда утулбаганы КММА үчүн чоң жетишкендик деп сыймыктанууга болот.

Бул чоңураак нерсенин башталышы деп ишенебиз. Алдыда дагы көптөгөн турнирлер болот, демек, дебаттык коомчулукта КММАнын атынан чыгууга мүмкүнчүлүктөр көп.