Белим берүү
2
17 Май 2022
12-13-май күндөрү С.Д.Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университети тарабынан уюштурулган Фармациянын билим берүү программалары боюнча эл аралык катышуу менен Республикалык студенттик олимпиада болуп өттү.
![](/images/base/05.22/img7_17.05.22.jpeg)
КММАдагы Э.С. Матыев атындагы Фармацияны башкаруу жана экономикасы, дары каражаттарынын технологиясы кафедрасынын "STERN.KG" илимий ийриминин командасы, профессор, фармацевтика илимдеринин доктору К.С.Чолпонбаевдин жетекчилиги менен 1-орунга ээ болушту.
![](/images/base/05.22/img8_17.05.22.jpeg)
Кафедра 5-курстун катышуучу-студенттерине олимпиадага активдүү катышып, жеңишке жетишкендиги үчүн ошондой эле студенттерди олимпиадага мыкты даярдагандыгы үчүн кафедранын окутуучуларына ыраазычылык билдирет.