КММАнын командалары морфология боюнча II Эл аралык студенттик олимпиадада 2-3-орунду ээлешти
Билим берүү 0 24 Май 2023

Россия Федерациясынын биринчи президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин түптөлүшүнүнүн 30 жылдыгына арналган 2023-жылдын 18-майында өткөн морфология (анатомия жана гистология) боюнча II Эл аралык студенттик олимпиадага Кыргыз мамлекттик медициналык академиясынан "Самураи в белом" жана "The sparker" командалары катышты.

Олимпиадада Россиянын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын окуу жайларынан 9 командасы күч сынашты. Олимпиада теориялык жана практикалык бөлүктөн турду. Практикалык бөлүгү төмөнкү сынактарды камтыды: "Застольный" «Пирогов» столунда клиникалык тапшырмаларды чечүү менен клиникалык маселени чечүү, кырсык болгон учурда «Тез жардам», «Хирургиялык түйүндөрдү токуу», «Гистологиялык көндүмдөр» (микропрепараттар) . Олимпиаданын жыйынтыгында “Самураи в белом» командасы 2-орунга, "The sparker" командасы 3-орунга ээ болуп, ар бир команда өзүнчө дипломдор менен сыйланышты.