«Немец тили жана санариптештирүү» конференциясы
Билим берүү 0 20 Апрель 2023

2023-жылдын 18-апрелинен 19-апрелине чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Дарылоо иши факультетинин 2-курсунун студенттери “Жалпы жана клиникалык эпидемиология” кафедрасынын доценти Миргүл Ырысованын жетекчилиги астында INAI.KG жана DAAD тарабынан уюштурулган “Немец тили жана санариптештирүү” конференциясына катышты.

Конференциянын программасында катышуучулардын баяндамалары, немис тилинде “санариптештирүү” темасы боюнча пикир алмашуу, мастер-класстар жана Германиянын Батыш-Саксон Цвикау прикладдык илимдер университетинин профессорлорунун лекциялары камтылган. Студенттер Максатова Сезим, Умарали уулу Имрон, Эргешов Рахман, Исхакова Лареб жана Станбекова Айгерим немис тилинде санариптештирүүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген таасири, ошондой эле медицинада жаңы санариптик технологияларды колдонуу боюнча илимий докладдарды жасашты. Аткарылган иштердин илимий жетекчиси – биология кафедрасынын доценти Жаңыл Солтобаева.