КР мамлекеттик тили жөнүндө” маалымат
Билим берүү 0 3 Октябрь 2023

2023-жылдын, 3-октябрында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академиясынын жыйындар залында “КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна тийиштүү маалыматтар менен тааныштыруу максатында окуу жайдын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууга Медакадемиянын ректору, профессор И.О.Кудайбергенова баштаган баардык кафедра башчылары, түзумдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты.