.“Кыргыз мамлекеттүүлүгү: Ата-бабалардын эмгеги жана келечек муунга мурастоо”
Билим берүү 16 Апрель 2025
2025-жылдын 14-апрелинде Кыргыз тили кафедрасы тарабынан “Кыргыз мамлекеттүүлүгү: Ата-бабалардын эмгеги жана келечек муунга мурастоо” аттуу факультеттер аралык эссе жазуу сынагы өткөрүлдү. Бул иш-чара 1-2-курстардын студенттеринин арасында уюштурулуп, азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын элесин түбөлүккө калтырууну көздөдү.
 
 
Сынактын негизги максаты – жаштарга эгемендүү Кыргызстанды түптөгөн жана анын өнүгүшүнө зор салым кошкон ата-бабалардын тарыхый эмгегин таанытуу жана алардын ишин улантууга шыктандыруу болду. Бул иш-чаранын алкагында студенттер ата-бабаларыбыздын мамлекетти бекемдөөдө көргөн мээнетин жана анын келечек муун үчүн маанисин өз калемине түшүрдү.
Эгемендүүлүктүн баалуулугун жана аны сактоо үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин түшүнүү бүгүнкү күндүн жаштары үчүн чоң сабак. Бул иш-чара жаштардын патриоттук сезимин чыңдап, Кыргызстанды өнүктүрүүдө өз салымын кошууга түрткү берди.