Бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) Цюрих университетинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы, доктор Пол Торгерсондун (Швейцария) лекциясы болуп өттү. Лекциянын темасы: «Эхинококкоз жана альвеококкоздун эпидемиологиясы Кыргызстанда».
Профессор Торгерсон, эпидемиология жана зооноздук оорулар жаатындагы дүйнөлүк деңгээлдеги адис катары, эхинококкоз жана альвеококкоздун таралышы жана аларды көзөмөлдөө боюнча негизги аспектилерди түшүндүрүп берди. Бул оорулар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагы үчүн актуалдуу көйгөй бойдон калууда.
Иш-чарага I, II жана III курс ординаторлору, аспиранттар жана докторанттар, ошондой эле КГМАнын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Катышуучулар лекциянын жогорку илимий деңгээлин жана сунушталган маалыматтын практикалык жана илимий иштер үчүн пайдалуулугун белгилешти.
Профессор Торгерсондун лекциясы КГМАнын эл аралык эксперттер менен кызматташтыгынын маанилүү бөлүгү болуп, академиянын илимий дараметин өнүктүрүүгө чоң салым кошту.