Цвикау техникалык университетинин магистрантынан мастер-класс
Билим берүү 0 7 Февраль 2024

2024-жылдын 6-февралында Цвиккау техникалык университетинин (Германия) магистранты Тим Тишендорф медициналык инженерия жана жогорку медайымдык билим берүү факультеттеринин студенттери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Медайымдар жана саламаттыкты сактоо жаатындагы санариптик компетенциялар" аталышындагы мастер-класс өткөрүлдү.

Тим Тишендорф орто медайымдардын санариптик көндүмдөрдү күнүмдүк жашоодо да, кесиптик ишмердүүлүктө да колдонуу зарылдыгын айтты. Жолугушуунун соңунда студенттер спикер менен аларды кызыктырган маселелерди талкуулоого мүмкүндүк алышты.