Медициналык академиянын тарыхын билүү максатындагы куратордук иш-чара
Билим берүү 0 14 Ноябрь 2023

2023-жылдын 11-ноябрь күнү И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын "Педиатрия" факультетинин 1- курстун 15-тайпанын куратору, б.и.к., доценттин м.а. Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич студенттери менен биргеликте "Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын тарыхы" аттуу темада студенттин өз алдынча анализдеп ой жүгүртүүсү жана медициналык академиясынын тарыхын билүү максатында куратордук иш-чара өткөрдү.

Бул куратордук саатта ар бир студент өзү окуган окуу жайынын пайда болгон алгачкы пайдубалынан баштап азыркы күнгө чейинки басып өткөн тарыхына саресеп салып, терен талкуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө легендарлуу хирург И.К. Ахунбаев жөнүндө документалдык тасма көрүү менен кошотолду. Аны менен Иса Коноевичтин басып өткөн өмүр таржымалы, коомдук, илимий-педагокикалык жана дарыгерлик ишмердиги, миндеген адамды өлүмдөн сактап калган алтын колдуу, гениалдуу хирургдун эмгектери менен кенен таанышышты.