2025-жылдын 27-мартында орус тили кафедрасында окуу жайлар арасында: КГНУ, КГиФС, Салымбеков атындагы университет, МУИТ, ИПП, Консерватория жана КГМАнын окутуучуларынын катышуусунда межвузовдук семинар өттү.
Семинар уюштуруу комитетинин жана КГМАнын проректору Н. Маматовдун ачылыш сөзү менен башталды. Андан кийин Н. Рыскулбекова, улук окутуучу, «Тилдик чөйрөгө кирүү — чет тилди үйрөнүүнүн эффективдүү методу» деген темада бандады. Анын баяндоосу угармандардын көңүлүн буруп, тилдик чөйрөнү түзүү материалды терең үйрөнүүгө кандайча жардам берээрин айтып берди.
Андан соң К. Бектурова, филология илимдеринин кандидаты жана доцент презентациясында окутууну студенттердин муктаждыктарына жана кызыгууна ылайыкташтыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи, ошону менен эле окутууну натыйжалуу жана мотивацияга толгон кылуу керектигин айта кетти.
Г. Кульбаева, филология илимдеринин кандидаты, доцент жана орус тили кафедрасынын башчысы, «Окутуучуну эмне чындыгында жакшы кылат?» деген темадагы мастер-классы менен атайын кызыгууну жаратты. Окутуучулар сүйлөө этикасы, маданият, окутуучунун сырткы көрүнүшү жана тилдик стандарттарга байланыштуу маселелерди активдүү талкууладашты. Мастер-класс катышуучулардын арасында жандуу талкууну жана пикир алмашууну жаратты.
Семинардын соңунда Г. Б. Кульбаева бардык катышуучуларга активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирди жана семинар тажрыйба жана жаңы идеялар үчүн маанилүү окуя болуп калганын белгиледи.
Семинардан эскерүү катары бардык катышуучуларга сертификат берилди, бул күн жаңы билимдер жана идеялар менен гана эмес, ошондой эле жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташуу үчүн жылуу атмосфера менен да эсинде калды.